Индонезияда ондогон студенттин сөөктөрү табылды
Индонезияда чиркөөдөгү урандынын алдынан отуздан ашуун студенттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү маалымдашты. Борбордук Сулавеси аймагындагы чиркөөнү жер титирөөдөн кийин жер көчкү басып калган. Ошол убакта ал жерде сексен алты студент болгон. Калгандарынын дайыны белгисиз.
Жума күнкү жер титирөөдөн жана андан кийин башталган цунамиден каза тапкандардын саны 1200дөн ашты.
Өлкө бийлиги эл аралык коомчулукка жардам сурап кайрылды. Евробиримдик, Кытай жана АКШ баш болгон ондогон мамлекеттер гуманитардык жардам жана тийиштүү техника жөнөтөрүн билдиришти.
Учурда аймакта электр жарыгы жок. Таза суу, тамак-аш жетишсиз. Күйүүчү майга кезекке тургандардын аягы көрүнбөйт. Ооруканалардын көбү урап калгандыктан, жабыркагандарга биринчи жардам көчө бойлорунда жана атайын чатырларда көрсөтүлүп жатат.
28-сентябрда кечке маал кубаты 7,4 баллга жеткен зилзала катталып, анын очогу Сулавеси аралында жайгашкан. Андан көп өтпөй цунами башталып, бийиктиги үчтөн алты метрге чейин жеткен толкундар уруп, миңдеген имараттарды алып кеткен.