Индонезия: отуздан ашуун студенттин сөөгү табылды
![Индонезия: отуздан ашуун студенттин сөөгү табылды](https://gdb.rferl.org/297323DF-D448-4CF8-B1B9-96355E465F54_cx0_cy8_cw0_w800_h450.jpg)
Индонезияда чиркөөнүн урандыларынын алдынан отуздан ашуун студенттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү маалымдашты. 28-сентябрда Сулавеси аралында болгон катуу жер титирөө жана андан кийин башталган цунамиден миңдеген имараттар жабыркап, 1200дөн ашуун адам курман болду.