Ооганстанда шайлоочулар менен жолугушуу маалында чабуул болду
Ооганстандын чыгышында шайлоочулардын чогулушу өтүп жатканда жанкечтинин жардыруусунан кеминде 13 киши каза таап, ондогон адам жараат алды.
Нангархар провинциясынын Саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Нажибулла Камавал "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматына 13 киши курман болгонун жана бери дегенде 40 адам жарадар экенин билдирди.
Провинциянын басма сөз катчысы Атталла Хояни Кама районунан чыккан талапкер Насир Моманд шайлоочулар менен жолугуп жатканда чабуул болгонун ырастады. Ал “каза тапкандар менен жараат алгандардын көбү чогулушка келген аксакалдар” деди.
Моманд 20-октябрда өтчү парламенттик шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышып жаткан. Шайлоо күнү “Талибан” кыймылы көзөмөлдөгөн аймактарда добуш берүү өтөөрү же өтпөсү беймаалым.
Нангархардагы чабуулду азырынча эч ким моюнуна ала элек. Бул провинцияда “Талибан” кыймылынын жана “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары активдүү.
Ооганстанда 28-сентябрда башталган шайлоо өнөктүгүндө 249 орундуу паламенттин төмөнкү палатасы үчүн 2565 талапкер ат салышып жатат.
Беш талапкердин экөө Кабулда жана калган үчөө Нангархар, Кандагардын тушүгүндө, Парван провинцияларында киши колдуу болду.
Эки талапкер уурдалып, алигиче тагдыры белгисиз. Дагы үч талапкер жараат алды.