Талантбек Исаев күзөт башкармалыгынын жетекчилигине кайра келди
11-октябрда ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Талантбек Исаевди башкармалыктын өздүк жамаатына тааныштырды.
Талантбек Исаев бул кызматты 2014-жылдан 2017-жылга чейин жетектеп келген. Былтыр анын бир тууган иниси Канатбек Исаев камакка алынгандан кийин кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен өткөн жылы камакка алынып, быйыл кайра акталып чыккан. (ErN)