Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мыйзамсыздык үчүн элчи Султанды айыптады

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султандын билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөлөрүн изилдеп чыкты. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.


Корутунду президенттин кароосуна киргизилди. Анда айтылгандай, текшерүү учурунда элчинин билдирүүсүндө жана Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жүйөлөрүндө жана маалымат каражаттарында чагылдырылган ТИМдин системасындагы мыйзам бузуу орун алганы аныкталды.


Ошол эле учурда изилдөөдө Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы аныкталган. Аталган кызматтан бошотулгандан кийин да Кылычбек Султан өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн “аккредитациялык карточкасын” өткөрүп бербегени да белгиленген тартипти бузуу болуп эсептелери айтылган.


Коопсуздук кеңешинин катчылыгы ошондой эле Кылычбек Султанды мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда “Супер”, “Супер кроссворддор”, “Супер сканворддор” гезиттери чарбалык субъектилеринин жетекчиси болгонун да сынга алган. Катчылык бул фактыларга укуктук баа бериш үчүн материалдарды Башкы прокуратурага жөнөттү. 


Буга чейин Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар тууралуу билдирүү менен чыккан. Анын билдирүүлөрүн текшерүүнү президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *