Мектептеги өкүмзордук боюнча кылмыш иши козголду
Бишкектеги №47 мектептин 8-классынын окуучусун сабап, ур-токмокко алган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек милициясынын маалымат кызматы “Азаттыкка” ырастады.
Буга чейин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев экспертиза дайындалганын кабарлаган.
Аталган мектептин окуучусун жогорку класста окуган эки бала сабап, тишин сындырып, эринин айрып салышканын анын апасы билдирген. Анын айтымында, баласы эсин жоготуп койгон. Учурда ал ооруканада. Балдар эмне үчүн сабаганын айтпай жатат.
Дарыгерлер окуучунун мээси чайкалганын айтышкан. Баланын апасы Билим берүү башкармалыгын, ИИМ өкүлдөрүн бул окуяга көңүл бурууга чакырды. 12-октябрда болгон мушташ Ленин райондук милициясында каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат. (КЕ)
Мектептеги зомбулукту баяндаган "Аманат" тасмасы тууралуу репортаж.