Ысык-Көлдө быйыл ата-энеси "инкарчы" 12 бала мектепке кайра бара баштады
Мекеменин маалыматына караганда, облустук милициянын демилгеси менен экстремизм жана терроризмге каршы семинар уюштурулуп, ага мектеп мугалимдери, имамдар жана ички иштер органдарынын кызматкерлери катышты.
Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Октябрь Урмамбетов буга чейин “Хизб ут-Тахрир” уюму тууралуу гана сөз жүрүп келген болсо соңку жылдары «Йакын-инкар» агымы активдеше баштаганын айтты.
Урмамбетовдун белгилешинче, 2017-жылы “инкарчылардан” тыюу салынган китептер табылган 15 факт катталса, быйыл тогуз айда 22 учур болду. Милициянын, прокуратуранын жана райондук бийликтин аракеттери менен "инкарчы" ата-энеси окутпай койгон 12 бала мектепке кайтарылды. (RK)