Грекиянын өкмөт башчысы Македония менен келишимди коргоорун билдирди
Июнда кол коюлган келишимге ылайык, мурдагы Югославиянын курамында болгон өлкө өз аталышын Түндүк Македония деп өзгөртмөкчү. Эки тарапта тең жаңы келишимге каршы болгондор көп.
Грекиянын бир бөлүгү да Македония деп аталгандыктан, Скопье менен Афины бул аталышты көп жылдардан бери талашып келишкен. Бул маселе Македониянын НАТО менен Еврошаркетке киришине да кедергесин тийгизүүдө. Грекия эки уюмга тең мүчө болуп эсептелет.