Тулада полициянын мигранттарга кылган мамилеси сынга кабылды
Тула облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын айтымында, рейдге мигранттардын балдары кармалып турган жай тууралуу маалымат түрткү болгон. Ал жерде ар түрдүү курактагы жеткинчектер ата-энелери жумуштан келгенче кармалып турары айтылды. Кармалгандар негизинен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары экени, арасында кыргызстандыктар болбогону кабарланды.