Австралия: премьер-министр жыныстык ыдык көргөн балдардан кечирим сурады
22-октябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө Скот Моррисон бул окуялардын көз жаздымда калып калышына сот системасын айыптады. Бала чагында жыныстык зомбулукка кабылган ар бир жаранга 150 миң Австралия долларын төлөп берүү каралган. Бирок айрымдар бул сумма абдан аз экенин айтып, нааразылыгын билдирип жатышат.