Түркияда кыргызстандык келин сойкулуктан куткарылды
31 жаштагы жалгыз бой келин он күн мурда таанышы аркылуу Түркиянын Измир шаарына официант болуп иштегени кетип, бирок алданып кулчулукка кабылганын "Азаттыкка" айтып берди.
- Биринчи Стамбулга барганбыз. Андан кийин Измирге, анан андан ары бир айылга бардык. Кафе экен. Анын кардаралрынын баары эркек болчу. Мен алар менен кошо ичип-чегип, алардын айткандарын аткарышым керек экен. Бир кардарым мага сойкулук кызмат сунуш кылды. Мен ага такыр көнгөн жокмун.
Келин Түркияда иштеген мекендешине жардам сурап кайрылып, алар көмөккө келген. Бүгүнкү күндө Түркияда иштеп-жашап жүргөн 14 миңге жакын кыргызстандык расмий каттоодо турса, расмий эмес иштеген жарандардын так саны белгисиз. (AiA)