Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Болтон: АКШ Иранды кысат

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул тууралуу бүгүн Армениянын борбору Ереванда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян менен жолуккандан кийин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы менен маектешип жатып билдирди:


- Биз Иранга мүмкүн болушунча басым көрсөтүүнү көздөйбүз. Анткени ал өзөктүк куралга ээ болуу мүдөөсүнөн баш тарткан жок, эл аралык терроризмдин борбордук казынасы бойдон калууда. Биз анын баллистикалык ракета программасынан, Сирия менен Ирактагы кадимки аскердик операцияларынан кооптонобуз. Биз санкцияларды абдан күчөтөбүз, Иранды кысабыз. Себеби Ирандын Жакынкы Чыгыштагы, дүйнөдөгү аракеттери зыяндуу жана өзгөрүүгө муктаж.


Ирандын мунай-газ секторун бутага алган АКШнын экономикалык санкцияларынын экинчи баскычы келерки айда күчүнө киргени турат. Санкциялардын кайра жанданышына АКШ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгып кеткени себеп болду. 


Президент Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү бул келишимден чыкканын жарыялаганда, ага Иран баллистикалык ракеталарды сыноо, Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдө террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин маңызын бузуп жатканын жүйө келтирген.


Иран президенти Хасан Роухани өткөн айда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурда АКШнын санкцияларын “экономикалык терроризмге” барабар иш катары мүнөздөгөн. (UE) 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *