Улуттук энергохолдинг” компаниясынын башчысынын айлык акысы 100 миң сомдун тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ишкананын башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров билдирди. Ал айлыгы 80-90 миң сомдой экенин айтып, сентябрь айында колуна 100 миң сомго жакын акча алганын айтты. 25-октябрда парламент кышка даярдыкты талкуулады. Тиешелүү мекемелердин ишин айрым депутаттар сынга алууда.