Муфтият: баңгизат менен кармалган адам имам эмес
“Биз Өзгөн райондук хатибиятынан жана башка бардык түзүмдөрдөн тактадык. Баңгизатты алып жүргөн деп кармалган адам эч качан имам болуп иштеген эмес”,-деди Атабаев.
Буга чейин Ош облустук милициясы Өзгөндүн Жылалды айылында имам баңгизат менен кармалганын жарыялаган. Анда милиция айылдын 37 жаштагы тургунунун жанынан 37.6 грамм марихуана табылганын кабарлаган. (BkA)