Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Стамбулда төрт өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу аяктады

Германия, Франция, Түркия жана Орусиянын лидерлери катышкан Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Стамбулдагы жолугушуу аяктады. Анын жыйынтыгында атайын коммюнике кабыл алынды. Анда Сириядагы жаңжалды чечүү үчүн Бириккен Улуттар Уюму башында турган саясий жараянды баштоо зарылдыгы жазылган. Ошондой эле төрт өлкөнүн лидерлери Сирияда конституциялык реформаны ишке ашыруу боюнча жыл аягына чейин атайын комитет түзүүгө чакырышты. Бул комитет конституциялык реформага даярдыкты бүткөрүшү зарыл.


“Бул жараяндын жыйынтыгы катары бардык сириялыктар катыша ала турган эркин жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү болушу керек”-деп билдирди Германиянын канцлери Ангела Меркел.


Ошондой эле коммюникеде сириялык качкындардын өз өлкөсүнө кайтышына бардык шартты түзүү зарылдыгы жөнүндө айтылат.


Франциянын президенти Эммануэл Макрон Сириядагы абалга дүйнөлүк державалар көз салып турганын билдирди. Ал Башар Асаддын армиясы жана анын өнөктөштөрүнүн аскердик операциясы “өлкөдөгү коопсуздук жана гуманитардык абалга терс кесепетин тийгизерин” эскертти.


Сириядагы Башар Асаддын режими менен ар кыл куралдуу жана террорчул күчтөрдүн ортосундагы согуш 2011-жылдан бери уланып келет. Бул согуштун айынан жүз миңдеген адамдар каза тапты. Беш миллиондон ашык сириялык качкын катары журт которууга аргасыз болду.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *