Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ: Питтсбургда синагогада ок аткан адам өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

АКШнын Питтсбургда синагогада ок аткан 46 жаштагы Роберт Бауэрске 29 берене боюнча айып тагылды. Кылмышка шектүүгө карата “адам өлтүрүү”, “адамга кол салуу” беренелеринен сырткары “диний кастыкты козутуу”, “диний эркиндикти чектөө” айыбы да тагылды.


АКШнын башкы прокурору Жэфф Сешнс тагылган айыптар далилденсе Бауэрс өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин айтты. Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп мындай кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартуу керек деген пикирин билдирген.


27-октябрда «Л'Симха» деп аталган синагогада ишемби күнкү диний жөрөлгө өтүп жатканда куралчан адам кирип барып ок аткан. Андан 11 адам мерт болуп, алты адам жаракат алды.


Америкалык маалымат каражаттары кол салууга шектүү AR-15 үлгүсүндөгү мылтык жана төрт тапанча менен куралданган.


"Reuters" агенттиги кылмышка шектүү Бауэрс социалдык тармактардагы баракчасына жөөттөрдүн кайрымдуулук уюмуна каршы пост жазып, аларга каршы чыгууга чакырык таштаганын жазып чыкты. Буга байланыштуу кол салууну антисемиттик аракет катары бааланды.


АКШ президентинин буйругу боюнча бардык мамлекеттик мекемелерде желектер ылдый түшүрүлүп, кол салуунун курмандыктарын эскерүү акциялары өтүүдө.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *