Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мэттис журналист Хашогжинин өлүмүн "ачык-айкын" иликтөөгө чакырды

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис оппозициячыл журналист Жамал Хашогжинин өлүмүн ачык-айкын иликтөөгө чакырды. Бул тууралуу ал Сауд Арабиянын коргоо министри Адел Ал-Жубейр менен жолукканда билдиргенин "Рейтерс" агенттиги кабарлады.


Мэттистин сөзүнө караганда, Саудиянын башкы дипломаты журналистке эмне болгонун билүүнү Эр-Рияд да каалап жатканын айткан.


Жума күнү Европа Биримдиги бардык өлкөлөрдү Сауд Арабияга курал сатуудан баш тартууга чакырган, бирок аны айрымдар колдогон жок, анын ичинде Испания да бар.


Пентагондун да Эр-Рияд менен кызматташтыкты жыйыштыруу планы жок. Буга чейин эки өлкө жалпы суммасы 115 миллиард доллар болгон аскердик келишим түзгөнү маалым.  


Германия болсо саудиялыктарга курал сатууну бир жума мурда эле токтоткон.


АКШда жашап, “The Washington Post” гезитине сауд бийлигин сындап макала жазып жүргөн журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда падышалыктын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн. Ал дипломаттык мекемеге жеке документ иштери боюнча барган. Расмий Эр-Рияд алгач журналист дипломатиялык өкүлчүлүктөн чыгып кеткенин билдирген болчу. Бирок Хашогжи чыны менен эле консулдукта өлтүрүлгөнүн  20-октябрда мойнуна алды.


Эл аралык коомчулук өлкөнү дээрлик башкарып жаткан мураскер ханзаада Мухамед бин Салманды "Хашогжинин саудиялык коопсуздук кызматкерлери катары сөз болгон адамдар тарабынан өлтүрүшү тууралуу билген" деп сындап келатат. Айрымдар ал түгүл "падышалыкты сындап жүргөн журналисттин көзүн тазалоого ханзаада өзү буйрук берген болушу ыктымал" деп шектенишет. Бул окуя боюнча 18 киши кармалганы белгилүү болду. Бирок расмий Эр-Рияд журналисттин сөөгү кайда экенин ачык айта элек.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *