Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Таза суу долбоорун каржылоо боюнча бир айлык шарт коюлду

Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду каржылоо токтотулушу ыктымал. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна «Таза табигат» коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева билдирди.


Анын айтымында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы АРИС аркылуу ишке ашуучу беш долбоорго каражат бөлүүнү токтотуп коюшу мүмкүн экенин билдирүүдө.


Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев бул билдирүүгө байланыштуу комментарий берип жатып «АРИСте иштегендер менен жаңы жетекчинин ортосунда түшүнбөстүктөр болуп жатат. Ал чечиле турган маселе» деп айтты:


- Убактылуу токтотуп коебуз деп жатышат. Бирок өкмөт маселени чечүүдө. Бүткүл дүйнөлүк банктан жана Ислам өнүктүрүү банкынан жалпысынан 180,6 млн доллар тууралуу сөз жүрүп жатат. Талабы – кадр маселеси. Алардын талабына жооп бере турган кадр алгыла деп 26-ноябрга чейин убакыт беришти. Андай кызматкерлерди тапса болот. Андан башка катуу талап жок.


Быйыл январь айынан тартып "Ала-Тоо булагы" аттуу долбоор Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен чогуу ишке ашырыла баштады. Аны Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы каржылоодо. Долбоорду ишке ашыруу үчүн алгачкы этабына 94 миллион доллар бөлүнгөн.


Расмий маалыматка караганда, ушу тапта өлкөдө 631 айыл таза сууга муктаж. 


11-октябрда парламент жыйынында элди таза суу менен камсыз кылуу максатын койгон “Ала-Тоо булагы" долбоору үзгүлтүккө учураганы калганы айтылган. Депутат Каныбек Иманалиев буга чейин каржыланган 14 миллиард сомдук иш токтоп калганы жатканын, жөнөкөй кызматкерлер эмес, 52 инженердик кадр да иш таштоо алдында экенин билдирген. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *