FH: Кыргызстанда Интернет жарым-жартылай гана эркин
"Атайын бурмаланган же чаташтыруучу маалыматтар чынында мүшкүл. Бирок айрым өлкөлөр аны маалыматка көзөмөлдү бекемдеш үчүн колдонууда" дейт баяндама авторлорунун бири Адриан Шахбаз.
Иликтөө Дүйнөлүк желенин 87% ээлеген 65 өлкөдө жүргөн. Анын ичинде Кыргызстанда Интернет “жарым-жартылай эркин” деп бааланат. Айрым алгылыктуу кадамдарга карабай Өзбекстан дагы эле “эркин эмес” деп баалангандардын арасында. Ушул эле топто Казакстан, Орусия, Беларусь, Кытай жана башкалар бар. Бул өлкөлөрдө интернет-сайттарда бийликке сын жазгандар айыппулга жыгылып, камалганы учурлар болгону белгиленет.
Интернет колдонуучулардун эркиндиги жагынан сап башында Эстония менен Исландия турат.