AP: Төрт жылда 57 миң мигрант өлдү же дайынсыз кетти
Курмандыктардын көбү же 20 миңдейи Африка өлкөлөрү менен Жер Ортолук деңизиндеги миграциялык маршрутка туура келет. Бул жолдор аркылуу демейде Европага агылышат.
Агенттик көп учурда, өзгөчө Европа аймагынан сырт жакта ажал тапкан бозгундар эсепке алынбагандыктан, бул сан дагы көп болушу ыктымалдыгын болжолдойт.
Адамдар негизинен согуш, ачкачылык жана жумушсуздуктан улам мекенин таштап, жолдогу азап-тозокко кайыл. "Associated Press" алар көбүнчө чөлдө ысык өтүп, сууга чөгүп өлүп же кулчулукка түшөрүн белгилейт.
Маселен, августтун аягында жүздөгөн африкалыктарды Италия кабыл албай, Испания батырган. Алар ливиялык адам аткезчилеринин колунда эки жыл кул болушканын айтып беришкен. Айрымдары зордукталганын европалык медиктер да ырасташты.