Трамп: Гүленди Түркияга өткөрүп берүү маселеси каралбайт
Президент Дональд Трамп ишембиде Түркияда төңкөрүш аракетине айыпталып жаткан диниятчы Фетхуллах Гүлен тууралуу журналисттерге комментарий берди.
“Жок, Гүленди өткөрүп берүү маселеси каралбайт”, – деди Трамп.
Бир нече күн мурда NBC телеканалы Трамптын администрациясы диниятчыны өткөрүп берүү маселесин карай турганын маалымдаган. Мындай чечим "Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмү боюнча чыңалууну курчутпоо үчүн Вашингтондун түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды ынандыруу аракетин көздөйт" деп айтылган.
78 жаштагы диниятчы Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда жашайт. Түрк бийлиги Гүленди 2016-жылы 16-июлдагы аскерий төңкөрүш аракетине айыптап, АКШдан аны өткөрүп берүүнү талап кылып келет. Гүлен бардык айыптоолорду четке каккан. (TSh)