"Талибан" менен ооган өкмөтү 2019-жылы жарашарына үмүт артылды
Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын өкүлү 2019-жылдын 20-апрелине чейин “Талибан” менен тынчтык келишимине жетишүүгө үмүттөнүүдө. Залмай Халилзад мындай пикирин жекшембиде ооган журналисттерине билдирди.
- Мен болжолдоп турган акыркы абал – тынчтык орногон Ооганстан; ийгиликтүү Ооганстан; өзүнө коркунуч жаратпаган Ооганстан, бул демек оогандардын ортосундагы тынчтык; ошондой эле эл аралык коомчулукка, мен АКШын атынан сүйлөп жаткандыктан, өзгөчө Кошмо Штаттарына коркунуч жаратпаган Ооганстан, – деди Халилзад.
Теги ооган Халилзадды Трамптын администрациясы “Талибан” менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн дайындаган. Ал октябрда Катарда талибдердин өкүлдөрү менен жолугуп, 17 жылдан берки согушту токтотууну сүйлөшкөнү белгилүү болду.
Азырынча согушкерлердин туруму белгилүү боло элек.
9-ноябрда Москвадагы жыйында "Талибандын" өкүлдөрү ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө даяр эместигин билдиришкен болчу.
2019-жылдын 20-апрелине Ооганстанда президенттик шайлоо белгиленген.