Интерпол Дубайдагы жыйында жаңы башчысын тандайт
Интерполдун жаңы башчысы 192 өлкө мүчө уюмдун Дубайдагы башкы ассамблеясында тандалуусу керек.
Эл аралык полиция уюмунун мурдагы башчысы Мэн Хунвэй кызматынан өткөн айдын башында кеткен эле.
Ага чейин Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэйге каршы мекенинде коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, ал кармалганын ырастаган. Мен Хунвэй Кытайдын коомдук коопсуздук министрлигинин орун басары болчу.
Интерпол Дубайдагы жыйынында Косовону уюмдун толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алуу же албоо маселесин да чечүүсү керек.
Интерполго мүчөлүк Косового алар согуш кылмышкери деп санаган сербиялык расмий адамдар үчүн “кызыл эскертүү” чыгаруусуна мүмкүндүк берет.
Уюмдун маалыматына караганда, алардын системасында учурда кармалуусу үчүн дүйнө боюнча кызыл эскертүү берилген 57 289 адам бар. (UE)