Нарын Айып: Атамбаев азыркы саясатка таасир эте албайт
Белгилүү журналист Нарын Айып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясатта кала турганы боюнча пикирине ушундай оюн билдирди.
- Анын таасири мурда деле болгон эмес. Бийликтин күчү менен гана таасир кылып жүргөн. Коомдо таасир этем деген адам кадыр - баркка ээ болушу керек. Сөзү адилет болушу керек. Эми бийлигин жоготконун түшүнбөй жатат. Анда эч кандай таасир калган жок.
Быйыл жаздан бери маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп бербей келаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев 19ноябрда "Апрель ТВ" каналына маек куруп, саясат кала турганын маалымдады.
- Мен саясатта презижент, премьмер же спикер болом деп жүргөн жокмун. Мен Бакиевдер кайтып келишин каалабайм. Конституциялык реформаны ишке ашыргым келет. Ошол үчүн мен саясатта калууга аргасызмын. Мен негизи башка нерсе тарых, тил, бизнес менен алек болоюн дегем. Азыр өлкөдө абал ошол Бакиевдин жолуна түшүп кетиши мүмкүн. Мен саясатчылардын жаңы муунуна жардам берүү үчүн калып жатам. Парламенттик мамлекет болушун каалайм, - деди Атамбаев.
Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты Атамбаевдин соңку билдирүүсүнө байланыштуу азырынча үн ката элек.