Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп: Путин менен "ылайыктуу учурда жолугам"

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен "ылайыктуу учурда" жолугарын билдирди. Бул тууралуу Аргентинада "Чоң жыйырманын" саммити маалында "Америка үнү" радиосунун англис кызматынын журналисти суроо бергенде айтты:


- Азыр Путин менен жолуга турган учур эмес. Мен аны менен жолугам, бирок ыңгайы келгенде гана. Мен биздин алакабыз абдан жакшы жана ал уланат деп ойлойм. Орусия жана Кытай менен жакшы мамиледе болушубуз керек деп эсептейм. Андыктан мен Путинге ыңгайы келген учурда жолугам, - деди Трамп. 


1-декабрда Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукмак. Бирок бир күн мурда АКШнын мамлекет башчысы бул кездешүүдөн баш тарткан. Ал буга Керч кысыгындагы жаңжал, Орусия Украинага кемелерин жана деңиз аскерлерин кайтарып бербей жатканы себеп болгонун айткан.


Кремл жолугушуунун ишке ашпай калганына өкүнөрүн билдирген. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болбой калган сүйлөшүүнүн ордуна Путин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен кезигерин маалымдады. 


“Чоң жыйырманын” түзүлгөндүгүнүн он жылдыгына туура келген саммит 30-ноябрда Буэнос-Айресте ачылган. Ачылуу салтанатында Трамп менен Путин кол алышпаганы байкоочулардын көңүлүн бурган.




“Чоң жыйырманын” курамына эң өнүккөн, өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Аларга дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% таандык.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *