Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Рубикон" жарнамалык фирмасы Александр Кимге кайтарылды

Бишкек шаардык соту 7-декабрда “Вечерний Бишкек” басма үйү жана “Рубикон” рекламалык фирмасы боюнча Александр Кимдин арызын карап, Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.


Соттук коллегияга судьялар Ирина Скрипкина, Аида Манжиева жана Дамир Молоев кирди. Адвокат Сергей Воронцовдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, “Рубикон” соттун чечими менен Александр Кимге кайтарылыды.


Сентябрь башында "Вечерний Бишкек" басма үйү жана "Рубикон" рекламалык фирмасына байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура ырастаган. Мекеме 4-сентябрда кылмыш иши рейдерлик эмес, факты боюнча ачылганын айткан. Башкы көзөмөл органы иш аталган басма үйдүн мурдагы ээси Александр Кимдин арызынын негизинде козголгонун билдирген.


Александр Кимдин арызына ылайык, алгачкы соттук отурум 14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралган. Александр Кимге мурда Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга “Вечерний Бишкектин” азыркы ээси Александр Рябушкиндин арызы негиз болгон.



Быйыл февралда райондук сот Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелет. Ошондой эле сот аны "Рубикон" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган.



Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы өз үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, “Вечерний Бишкек” толугу менен Александр Рябушкинге өткөн.


"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кожоюну Александр Рябушкин ноябрдын соңунда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акционердин арызынын негизинде "Вечерний Бишкек" басма үйү текшерилип, жетекчилиги мыйзам бузганы аныкталган. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *