Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ала качуу боюнча иш: кечирим болуп, зордуктоо боюнча иш кыскартылды

Ленин райондук соту кыз ала качуу жана зордуктоо фактысы боюнча ишти карап, өкүм чыгарды. “Кылым шамы” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттыкка” айтканы боюнча, жабырлануучу тараптан кечирим берилип, сот тараптардын макулдугу менен зордуктоо боюнча ишти кыскартты. Ал эми ала качуу фактысы боюнча 24 жаштагы жаран жана анын кылмышка катышкан эжеси беш жылга кесилди. Анын үч жылы шарттуу негизде чегерилди. Айыпталуучу тарап моралдык зыян үчүн жабырлануучуга 400 миң сом төлөп бермей болду.


Ала качуу фактысы боюнча иштер сотко жетип, чечим чыккан учурлар сейрек кездешет. Укук коргоочу Абдирасулова процесс абдан оор болгонун билдирүүдө: 


- Кыз ала качуу боюнча биринчи жолу сот чечими чыкты. Мурун тараптар кечиришип, жарашып кетишчү. Судья атайын соттук кароону создуктуруп туруп алды. Кыздын туугандарына басым аябай чоң болду. Туугандын тууганы, тааныштын таанышы ортого түшүп туруп алышты. Биз моралдык запкы үчүн 500 000 сомго жарандык доо койгон элек. Ошол моралдык зыяны үчүн 400 000 сом алып, "Зордуктоо" беренеси боюнча кечирим беришти. "Ала качуу" беренеси боюнча соттолушту.


18 жаштагы кызды быйыл 10-июнда Ак-Ордо конушунан Нарын облусунун Жумгал районуна ала качышкан. Жакындары ал мажбурлап никеге тургузгусу келген жаран тарабынан зордукталганын, ооруканада дарыланып чыкканын билдиришкен.


Милиция бул факты боюнча 155-берене ("Ала качуу") менен кылмыш ишин козгоп, 24 жаштагы жаран кармалган. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *