Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Көкбөрүнүн эрежеси эл аралык деңгээлде талкууланат

Көкбөрү оюнунун эрежеси эл аралык деңгээлде талкууланат. Бул тууралуу 7-декабрда Бишкекте өткөн Эл аралык көкбөрү федерациясынын 20 жылдыгын утурлай уюштурулган конгрессте маалым болду. Ага уюмга мүчө болгон Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан сырткары Монголиянын, Ооганстандын, Түркиянын, АКШнын жана Орусиянын өкүлдөрү катышып жатат. Эл аралык көкбөрү федерациясынын вице-президенти Набиджан Жороев талкууда бирдиктүү эрежеге келүү маселеси көтөрүлгөнүн билдирди: 


- Акыркы жылдары абдан көп суроолор жаралды. Биз алардын баарын карап чыгып, жогорку деңгээлде чечүүгө аракет жасадык. Чече албаган маселелерди кийинки конгресске калтырдык. Оюндун эрежеси боюнча да көйгөйлүү маселелер бар. Мындан ары Азия же дүйнө чемпионаты болобу, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештердин баары Эл аралык көкбөрү федерациясынын уруксаты жана анын эрежелери менен гана өтөт. Конгресстин жүрүшүндө баарыбыз бир добуштан муну колдодук. Ал эми оюндун эрежелерин январда өтө турган кезектеги отурумда талкуулайбыз.


Жороев Эл аралык көкбөрү федерациясына Монголия да мүчө болуп киргенин жана аталган уюмдун баш катчысы болуп Жыргалбек Саматов дайындалганын кошумчалады.


Быйыл августта Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүнүн эрежесине байланыштуу пикир келишпестик жаралган.


Оюндун эрежелерин тактап, бир чечимге келиш үчүн Эл аралык көкбөрү федерациясынын мүчөлөрү 2019-жылдын январь айында Ташкентте кайрадан отурумга чогулушмакчы. (GT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *