Франция: ишембиде коопсуздук чаралары күчөтүлөт
Өкмөт башчы Эдуар Филипп бул күнү Франциянын аймактарында 89 миң полиция кызматкери коопсуздукту камсыз кылаарын жергиликтүү телеканалга айтты. Парижде аскердик техникалар менен камсыздалган сегиз миң тартип коргоо кызматкерлери иш алып барат.
Ишемби күнү Францияда "сары кемселчендер" деген атка конгон демонстранттар үчүнчү апта катары менен өкмөткө каршы жүрүштөргө чыкканы жатышат.
Өкмөттүн күйүүчү майга салык киргизүү планына каршы уюштурулган буга чейинки акциялар ири башаламандыктар менен коштолгон.
5-декабрда бул план убактылуу токтотулаары жарыяланганына карабай, демонстранттар акциядан баш тарта элек.