"Талибандын" чабуулунан 14 аскер курман болду
Гераттын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Нажибулла Мохеби кол салуулар 6-декабрдын кечинде Шиндоң районунда башталганын айтты. Бул райондо, Иран менен чек арадан 110 чакырым алыс аймакта Ооганстандын аба күчтөрүнүн эң ири базасы жайгашкан.
Мохебинин айтымында, алты саатка созулган айыгышкан кармашуулар 7-декабрдын таңында гана кошумча күчтөр тартылган соң басылган.
Райондун акими Хекматулла Хекмат кол салууга "Талибандын" 200дөй жоочусу катышканын билдирди.
"Талибандын" басма сөз катчысы кармашууда 14 ооган аскери жок кылынганын бышыктады.
30-ноябрда ушул эле Шиндоң аймагындагы "Талибандын” өз ара жаатташкан эки тобунун кагылышынан 28 согушкер өлүп, 25и жарадар болгон.