Германияда Меркелдин ордуна партиянын жаңы лидери тандалат
29-октябрда Меркел 2021-жылы канцлердик мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан бул кызмат үчүн ат салышпай турганын, өз партиясынын жетекчилигинен жыл соңунда кетерин билдирген. Ал бул чечимин христиан-демократтар аймактык шайлоолордо ийгиликке жетпей калгандан кийин жарыялаган.
64 жаштагы Ангела Меркел 2000-жылы партиянын төрайымы болуп шайланган. Беш жылдан кийин канцлер болуп, андан бери бул кызматты колдон чыгара элек болчу.