Зилалиев жаңы козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынды
Айрым маалымат каражаттары Зилалиевге карата кылмыш иши Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин башкарып турган учурдагы ишмердиги үчүн козголгонун жазып чыгышты.
Дүйшөнбек Зилалиев 7-декабрда “Манас” аэропортунда кармалган. Мындан сырткары 45 жаштагы Зилалиевге карата кылмыш иши былтыр 24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") менен козголгон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди бул иш боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга шарттуу соттогон. (BkA)