Кыргызстандык депутаттар Армениядагы шайлоого байкоо салышууда
Маалыматка ылайык, учурда бул миссиянын алкагында Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, депутат Максат Сабиров, БШКнын төрагасынын орун басары Акылбек Эшимов жана мүчөсү Елена Жылкычиева Арменияда жүрөт.
Армениядагы парламенттик шайлоого тогуз партия жана эки блок катышууда. Сурамжылоолор боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жетектеген “Меним кадамым” блогу парламенттиги көп орунду ээлиши мүмкүн. (BkA)