Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Британия: орус бийлиги дагы эки адамдын өлүмүнө тиешеси болушу мүмкүн

Сергей Скрипаль жана кызы Юлиянын ууланышын иликтеген британиялык детективдер бул өлкөнүн аймагында мурда катталган эки адамдын өлүмүнө орус бийлигинин тиешеси болушу мүмкүн деп шектенип жатышат. Бул тууралуу Британиядагы "The Times" гезити полициядагы өз булактарына шилтеме берип жазды.


Маалыматка караганда, орусиялык чалгынчылардын Британияга келген учуру бизнесмендер Александр Перепиличный жана Скотт Янгдын табышмактуу өлүмүнө туш келген.


2012-жылы каза болгон Перепиличныйдын ашказанынан уулуу өсүмдүктүн калдыгы табылган. Ал алгач таңкы көнүгүүлөрдү жасагандан кийин жүрөгү токтоп калып каза болду деп айтылган. Бирок Британияда саясий баш паанек алып жашап жүргөн бизнесмендин сөөгүн текшерүү маалында ашказанынан табылган уулуу зат күмөндүү суроолорду пайда кылган. Перепиличный Москвадагы тергөө абагында каза болгон адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмү боюнча швейцариялык прокуратура менен кызматташып келген.


Ал эми Янг болсо 2014-жылы Лондондогу өз үйүнүн терезесинен секирип, каза тапкан. Ал Британияда өз жанын кыйган Борис Березовскийдин бизнес-шериги болгон.


Гезиттин жазышынча, күбөлөр суралган соң бул эки ишке тең “күмөндүү” деген макам берилген.


Орусиянын мурдагы тыңчысы, Британияда жашап жаткан Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө Солсбери шаарында быйыл 4-мартта ууланып, ооруканага түшкөн.




Британ бийлиги Скрипалды Орусиянын Башкы штабынын башкы башкармалыгынын Руслан Боширов жана Александр Петров деген ысымдар менен жүргөн чалгынчы офицерлери ууландырган деп шек санайт. Лондон "аларга Кремль тапшырма берген" деп эсептейт.


Орусия дооматтарды четке кагып, "Боширов менен Петров чалгынчылар эмес" деп билдирет. Шек саналгандар өздөрү Солсбериге турист катары барганын айтышкан.


Ал арада "Bellingcat" иликтөөчүлөр тобу "Бошировдун чын аты Анатолий Чепига, "Орусиянын баатыры" наамын алган, полковник даражасындагы чалгынчы" деп иликтеп чыкты. "Ал эми Петровдун чын аты - Александр Мишкин, чалгын офицери, аскер дарыгери" деп ырастап чыккан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *