“Желим баштык Месси” коркутууга дуушар болду
Жети жаштагы Муртаза Ахмадинин “Мессинин футболкасы” менен сүрөтү эки жыл мурун дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, былтыр декабрда ал өз кумири Лионел Месси менен да жолуккан.
"Бирок ушинтип белгилүү болгонубуз бизге терс таасирин тийгизди", дейт баланын энеси Шафика Ахмади. Анын айтымында, Муртаза эки жылдан бери мектепке бара албай жүрөт. Кылмышкерлер "баланын үй-бүлөсү байып кетти” деген ойдо акча доолап, “Талибан” террордук тобунун согушкерлери да үй-бүлөнүн артынан да түшүшкөн. (KKu)