Ооганстан: аялдардын футбол курамасындагы сексуалдык ыдык жаңжалы иликтенүүдө
Ооган президенти Ашраф Гани британиялык “Гардиан” басылмасынын иликтөөсүнөн соң бул ишти дыкат текшерип чыгууну тапшырган. Басылмада Ооган футбол федерациясынын башчылыгы аялдар курамасында ойногон кыз-келиндерге сексуалдык ыдык көрсөткөн деген иликтөөнү жарыялаган. Анда аялдар курамасынын мурунку башчысы Халида Попал федерациянын өкүлдөрү Ооганстандагы баш кеңседе да, Иорданиядагы февраль айындагы машыгуу учурунда да кыздарга тийишкенин айтып берген.
Федерация бул дооматтарды четке кагып, аны “негизсиз жана калп” деп билдирди. Дүйнөлүк ФИФА башчылыгы да бул маселени кылдат иликтей турганын айтып чыкты. Ал эми спорт кийим чыгарган даниялык “Hummel” компаниясы өткөн айда ооган тарап менен демөөрчүлүк келишимин жокко чыгарганын жарыялады. Алардын айтымында, мындай чечимге айтылган дооматтар жана спортчу келиндердин “укуктарын бузган федерациянын эмгек келишими” түрткү болду. (KKu)