Тажикстандык журналист сыртынан абакка кесилди
Буга чейин Хожент шаардык соту журналист Мирсаидовду "мамлекеттик каражатты кымырып алган, максатсыз пайдаланган жана жалаа жапкан" деп айыптап, былтыр 11-июлда 12 жылга түрмөгө кескен.
Сот чечиминен кийин Мирсаидовдун үй-бүлөсү мамлекеттин пайдасына 124 миң сомони компенсация төлөгөн. Андан соң анын адвокаттары журналисттин ишин кайра кароо өтүнүчү менен жогорку инстанциядагы сотко кайрылышкан.
22-августта Согди облусунун соту мурдагы чечимди жокко чыгарып, анын ордуна журналистти коомдук ишке тартууну жана ага 80 миң сомони (8,5 миң доллар) өлчөмүндөгү айыппулга жыгууну чечкен. Натыйжада Мирсаидов сот залынан бошотулган.
Учурда Хайрулло Мирсаидов чет өлкөдө экенин ырастап, айла жоктон ушул кадамга барганын билдирди. Ал күнөөсү жок экенин, бул иш анын өкмөттөгү паракорлуктун бетин ачкан репортаждары менен байланыштуу болуп жатканын айтып жүрөт.