Баткен районунун Тажикстан менен чек арасында эки жактан эл топтолду
Кыргызстан тараптан да аксайлыктар топтолгон.
Өткөн жумада Кыргызстан тарап Тажикстандын Ворух анклавын айланып өткөн Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун жандантышы үчүн бир трактор иштей баштаган. Учурда ал трактор чек арадан 2 чакырымдай Кыргызстан тарапта иштеп жаткан.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү абал туруктуу экенин, эки тараптан чогулган жүздөй кишини таркатыш үчүн түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдиришти. (JsA)