Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Төрөбаев: Депутатка каршы арызданган Жогорку соттун төрайымына баа берели

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку соттун төрайымы парламент депутатына каршы атайын кызматка арызданышынын мыйзамдуулугун текшерүүнү сунуш кылды.


Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитетинин жыйынында сүйлөп жатып ал Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков боюнча УКМКга жазган арызы тууралуу маселени көтөрдү:


- Конституциянын 72-беренесинде «Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес» деп жазылып турат. Өткөндө биздин коллегабыз Момбеков айрым сотторду сынга алды. Соттун төрайымына бир баа бербейлиби? Биздин юристтер да, депутаттар да өз баабызды берели. Эртең шайлоодо эл менен учурашканда ой-пикирин айтса, ар ким жаза берсе прецедент болуп калбайбы?! Алар сот бийлиги, биз мыйзам чыгаруу бийлигибиз. Конституциянын нормасын буздубу же бузбадыбы?


Момбеков 5-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылган. «Азаттыкка» комментарий берип ал атайын кызматка Бишкектеги ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолугушууда сүйлөгөнүнө байланыштуу чакырылганын билдирген. Эл өкүлү муну саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кийинки убакта парламентте сүйлөгөн сөздөрү кимдир-бирөөгө жакпай калышы мүмкүн экенин айткан.


Жогорку сот «Азаттыкка» жиберген катында «Момбековдун «жер тилкелеринин мыйзамсыз берилгенин таануу тууралуу сот чечими ката, соттор мындай аракеттери менен карапайым элдин канын ичип жатат» дегени жазылган видеотасма жарыяланды. Жогорку соттун төрайымы бул тасма коомчулукта сот системасы жана мамлекет тууралуу терс пикир жаратат деп эсептейт. Депутат Момбеков андай чечимди качан, кайсы сот чыгарганы тууралуу да айткан эмес» деп билдирген. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *