Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Чек ара кызматы: Чыр чыккан жерде кыргыз жаранынын үйү өрттөндү

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жибергени кабарланды. Бул маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматы таратты.


"Чек арачылардын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине карабастан, эки өлкөнүн чектеш аймактарынын жашоочулары бири-бирине агрессивдүү мамиле кылып, натыйжада тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жиберишти", - деп жазылган Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.


"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы бейрасмий булактарга таянып жараат алган жарандар да бар экендигин айтууда. Редакцияга келген видеодон чатак чыккан жерге Тез жардам кызматынын автоунаасы келгенин көрүүгө болот.


Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн режимге өттү. 


Буга чейин Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жаап салышкан. Ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапканы кабарланган. (KR)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *