Чек ара кызматы: чыр чыккан жерде жол жабылды
Ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапканы кабарланууда.
Бул маалыматты «Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров расмий эмес булактарга таянып билдирди. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы да бул маалыматты тастыктады.
Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык буга чейин, 13-март күнү күндүз Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап нараазылык билдирип чыккан. Ак-Сай айылынан 50 кыргызстандык, тажик тараптан 70 тургун келип, бири бирине таш ыргытышкан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип, токтотушкан.
Мамлекеттик чек ара кызматы бул окуя боюнча тажик тарап менен сүйлөшүү жүргөнүн айтып, тараптар элди тынчытууга киришкенин маалымдады.
Расмий эмес булактар чек арачылар чогулган элди таратуу максатында асманга ок атып жатканын да айтышууда. (KR/JsA)