Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусия: базардагы рейддерде ондогон мигранттар кармалды

Орусиянын башкалаасындагы "Москва" жана "Садовод" базарларында 11-марттын түнү болгон рейд 12-мартта "Фуд сити" дүң базарында уланды. Текшерүү жана кармоолорго полиция менен кошо Орусия гвардиясынын жоокерлери тартылган. Күбөлөр кармалгандардын көбү борбор азиялык мигранттар экенин, күч кызматкерлери документтердин бар-жогуна карабай аларды полиция бөлүмдөрүнө жеткиришкенин айтышты.


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва базарында кармалган 50гө жакын кыргызстандык жаран документтери текшерилгенден кийин кое берилгенин билдирди. Бул рейддерде кыргызстандыктардан тышкары жүздөгөн мигранттар кармалган.


Рейддер бир эле Москвада эмес, Санкт-Петербургдун "София", Екатеринбургдагы "Таганский ряд" , "Новомосковский" базарларында да жүргөнү кабарланды.  


Орус өкмөтү жана Ички иштер министрлиги текшерүү, кармоолор, анын себеби тууралуу комментарий элек. Жергиликтүү маалымат каражаттары полиция базарлардан крипто валюталарды мыйзамсыз чыгарган жайларды издеген болушу мүмкүндүгүн  жазып чыгышты. 


"Москва" базарынын ээси мыйзамсыз банк ишмердигин жүргүзгөн деп шектелип жатканы айтылууда. Базарлардын өкүлдөрү акыркы окуялар тууралуу комментарий беришкен жок.


Маалымат каражаттары рейдге дем алыштагы мигранттардын жапырт мушташы себеп болгонун болжолдошууда. 9-мартта "Москва" соода борборуна жакын жерде мигранттардын мушташы болгон. Базарда иштегендер чатакта бычак жана травматикалык тапанча колдонушкан. Алардын пикир келишпестигине соода жайларын өз ара бөлүшө албаганы түрткү болгону айтылды. Окуяда төрт киши медициналык жардам алып, бирөө ооруканага жаткырылган. Ушу тапта кылмыш иши козголуп, мушташтын чоо-жайы иликтенүүдө. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *