Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргыз-тажик жетекчилери жолду ачуу боюнча сүйлөшүүдө

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу жаңыртылган маалымат таратты. 


"Эки өлкөнүн чек арачылары, облус башчылары, жергиликтүү укук коргоо органдары Баткен районундагы Ак-Сайда жана Төрт-Көчөдө жабылган жолдорду ачуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө" деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.


Учурда тажик тарап жапкан Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы жол (Ош-Исфана жолу) жана кыргыз жарандары тосуп алган Ак-Сай айылындагы жол (Тажикстандын Варух анклавына барган жол) ачыла элек.


Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 13-март күнү күндүз Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап нааразылык билдирип чыккан. Ак-Сай айылынан 50 кыргызстандык, тажик тараптан 70 тургун келип, бири-бирине таш ыргытышкан. Чатак кечки саат 20:30дар чамасында курчуп кеткен.


Азаттыктын” тажик кызматынын жазганына караганда, 13-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан бир адам көз жумуп, 20дай киши жаракат алган. Мерт болгон адам Тажикстандын Исфара районунун Кожоало айылынын тургуну экени кабарланууда. Бул тууралуу атын атагысы келбеген тажикстандык жаран билдирген.


Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева "Азаттыкка" жаңжалдан жабыркаган кыргызстандык киши ооруканага жеткирилгенин билдирди.


"Биздин маалымат боюнча бир жаран оор жараат алып, учурда Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары Ортобоз айылындагы жарандын үйү өрттөнүп кеткен" деди Абдыкариева.


Бейрасмий маалыматтарга ылайык, жаңжалдан алты кыргыз жараны жабыркаган.


Азыркы учурда чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *