22-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11 күндүз 13…18;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус болот.
22-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 13…15° болушу күтүлөт.