Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетпөө талабы коюлду (видео)
Жергиликтүү тургун Марат Акатов комиссия жашоочуларга маалымат берилбестен түзүлгөнүнө нааразы болду:
- Мынабу комиссия айтпай, жашыруун келди. Бул комиссияга бүт сатылгандар келди. Эмнеге элге айтышпайт? Тиги карьерди силерге көргөзүшкөн жок, ошол жерди барып көргүлө. Булар уранды чалгындабай эле, 250 метр жерди тереңдетип казышкан. Бул уран деген ажыдаар, элдин барын тукум курут кылат! Ушуга алып келатат. Ошонун башы башталып атат, көрүп койгула. Туризмге залакасы, чоң зыяны тиет!
Аталган жайга кийинчерээк кичи автобус менен келгендер менен кенди иштетүүнү жактаган тарап кайым айтышты. Орто-Токой айылынын тургуну Нурбек Садыгалиев элден шайланып келгенин айтып, комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтүүгө чакырды.
Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Алар ишемби күнү абал менен жерине барып таанышып келишти.
Комиссиянын курамына министрлер, мекемелердин жетекчилери, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, тийиштүү айыл өкмөт башчылары болуп 20дай киши кирген. Ага Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Эмил Осмонбетов төрагалык кылат. (AsM)