Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Экзит-полл: президенттик шайлоодо Зеленский 73,2 пайыз добуш алды

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун украин убактысы боюнча саат 20:00дө, добушканалар жабылар замат жарыялаган жыйынтыгына ылайык, президенттик шайлоодо талапкер Владимир Зеленский жалпы добуштардын 73,2 пайызын, ал эми азыркы президент Петро Порошенко болсо 25,3 пайызын алды. 


Экзит-полл - коомдук уюмдардын шайлоодо элдин кимге добуш бергенин сурамжылоо аркылуу жүргүзгөн алдын ала жыйынтыгы. 


Аны Украинадагы Деморатиялык демилге фонду, Киев эл аралык социологиялык институту жана Разумков борбору биргелешип жасады.


Ал эми шайлоонун алдын ала расмий жыйынтыктары бүгүн кечке маалым боло баштайт.


Бүгүн, 21-апрелде Укринада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Ага талапкерлер Петро Порошенко менен Владимир Зеленский катышты. 


Шайлоого 82 миң жергиликтүү жана 2,5 миң эл аралык байкоочу көз салууда.


Бул - 2014-жылдагы Майдан окуялары деген ат менен белгилүү элдик толкундоолордун натыйжасында ошол кездеги президент Виктор Януковичтин бийлиги кулап, андан көп өтпөй Орусия Крымды аннекциялап алган окуялардан кийинки экинчи президенттик шайлоо.


Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта өтүп, азыркы президент Петро Порошенко менен актёр Владимир Зеленский 39 талапкердин ичинен суурулуп чыгышкан.


Анда Порошенко 16, Зеленский 30 пайыздай добуш алган.


41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Ал өзү негиздеген «Квартал-95» студиясы менен концерттерди коюп, элге куудулдук өнөрүн, телесериалдарын тартуулап келди. 2014-жылы Европага ык алган тарапты колдоп, жарандык позициясын да билдирген. Шайлоо өнөктүгү учурунда өзүн жаңы муундун өкүлү, келечектеги карапайым президент катары көрсөтүүгө аракеттенди. 


53 жаштагы Петр Порошенко экинчи президенттик мөөнөткө ат салышты. Ал шайлоо кампаниясында өзүн күчтүү кол башчы, Орусияга татыктуу каршылык көрсөтө алган лидер катары сыпаттап келди. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *