Кабулдагы чабуул үчүн "Ислам мамлекети" тобу жоопкерчилик алды
“Ислам мамлекети” террордук тобунун Ооганстандагы бөлүгү 2015-жылдан бери “Талибан” кыймылы, ошондой эле өкмөттүк күчтөр менен да согушуп келе жатат.
Жардыруу катуу кайтарылган “Сирена” отелинен алыс эмес жерде катталган. Бул - чет элдик туристтер жаткан саналуу мейманканалардын бири.