Казакстан: шайлоого байланыштуу акция өткөргөн активист 15 күнгө камалды
21-апрелде эртең менен Алматыдагы марафон учурунда полиция бир канча активисти кармаган. Маалыматтарда алар жол жээгине "От правды не убежишь. У меня есть выбор" (Чындыктан кача албайсың. Менде тандоо бар) деген жазуусу бар баннерди илип коюшкан. Аларды полиция кармап, Асия Төлешова менен Бейбарыс Толымбаевге “тынч жыйын өткөрүү тартибин бузду” деген айып коюп, административдик иш козгогон. Активист Асия Төлөшовага сот чечими чыга элек.
Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 9-июнга белгиленген.