Атасы сабаган алты жашар бала ооруканага түштү
12-майда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катуу сабалган баланы балдар ооруканасына жеткиришкен. Иш боюнча Жазык кодексинин 75-беренесинин 2-пункту боюнча («Үй-бүлөдөгү зомбулук») кылмыш иши козголду. Баланы атасы урганы айтылып жатат. Азыр экспертиза дайындалды. Үй-бүлөнүн кошуналары баланын атасы аны тарбиялоо максатында сабаганын «Азаттыкка» билдиришти. (AiA)