Британия Перс булуңунда чатак чыгышы мүмкүн экенин эскертти
- Биз абалдын чыңалуусу менен кокустан жаңжал чыгып кетүү коркунучу жаралып жатканына тынчсызданып турабыз. Биз мындай кооптонуубузду Европадагы кызматташтарыбызга, АКШнын мамлекеттик катчысына билдиребиз. Бир тарап экинчисинин оюн түшүнүшү үчүн бизге тынчтык керек, - деди Жереми Хан.
Өткөн аптада АКШ Иран туудуруп жаткан жаткан «болжолдуу коркунучтардын алдын алуу» деген жүйө менен Перс булуңуна учак алып жүрүүчү кемесин жана бомбалоочу учактарын жөнөткөнү кабарланган.
Былтыр май айында АКШ «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде 2015-жылы Тегеран менен дүйнөнүн алты өлкөсүнүн ортосунда кол коюлган келишимден чыгаарын жарыялаган. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирген. Тегеран санкциялардын кайра жанданышын «мыйзамсыз» чечим катары мүнөздөп келет.